Си Цзиньпин РФга барат: сүйлөшүүлөрдөн эмнени күтүүгө болот?

 

Кытайдын лидери Си Цзиньпин Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен 20-22-мартта Россияга мамлекеттик сапар менен барат. Анын иш сапарынын алкагында бир катар маанилүү эки тараптуу документтерге кол коюу пландалып жатканын Кремлдин басма сөз кызматы билдирди. Си Цзиньпиндин сапарын Кытайдын ТИМ өкүлдөрү да ырасташты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө негизги талкуулардын темасы Россия менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүктүн жана стратегиялык өз ара аракеттенүүнүн алкагында мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери болмокчу. Эл аралык аренада орус-кытай кызматташтыгын тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашуу болот.

Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, Си Цзиньпин Россияга болгон сапарынан кийин Украинанын президенти Владимир Зеленский менен онлайн жолугушуу өткөрүүнү көздөп жатат, бирок бул маалыматты Кремль жана Кытайдын ТИМи тастыктай да, төгүндөй элек.

Добавить комментарий