Швеция Украинага жардамын көбөйттү

Швеция өкмөтү 2022-жылдын мамлекеттик бюджетине чукул өзгөртүү киргизип, Украинага аскердик жардамдын көлөмүн 105 миллион долларга чейин көбөйттү.

Бул сумма курал-жарак менен камсыз кылууну гана эмес, украин аскер кызматкерлерине 578 миллион крон (болжол менен 60 миллион доллар) өлчөмүндөгү жардамдын экинчи траншын да камтыйт. Биринчи жарым миллиард крон (болжол менен 52 миллион доллар) апрель айында Улуттук банкка которулган.

Мындан тышкары Швеция Украинанын куралдуу күчтөрүн чыңдоо үчүн НАТО тарабынан түзүлгөн фондго 60 миллион крон (6,3 миллион доллар) которууну көздөп жатат.

Ошондой эле, Швеция өкмөтү үчүнчү курал пакетин түздү. Ага 17 комплект RBS-17 кемеге каршы портативдик түзүлүштөр, аты аталбаган АG-90 ири калибрлүү снайпердик мылтыктар жана ок-дарылар, ошондой эле беш миң бир жолу колдонулуучу АТ-4 танкка каршы ракета аткычтар кирген.

Добавить комментарий