Швеция менен Даниянын ТИМдери элчилерин чакырышты

Швеция менен Даниянын ТИМдери орус элчилерин аба мейкиндигин бузуулар боюнча түшүндүрмө алууга чакырды.

Даниялык министр Россиянын аракеттерин “толугу менен кабыл алынгыс” жана кооптондурарлык деп атады.

Дания менен Швециянын ТИМдери Россиянын Ан-30 чалгын учагы алардын аба мейкиндигин бузганы үчүн орус элчилерин чакырып жатат. Бул тууралуу Даниянын тышкы иштер министри Еппе Кофод Twiiter жана Al-Jazeera телеканалдарына билдирди.

Эки мамлекеттин бийликтери учак 29-апрелдин кечинде Даниянын үстүнөн Балтика деңизиндеги Борнхольм аралынын чыгышында көрүнүп, андан кийин Швециянын аба мейкиндигине киргенин билдирди. 

«Даниянын аба мейкиндигин Россиянын дагы бир бузуусу. Бул таптакыр кабыл алынгыс жана азыркы кырдаалда өтө кооптондуруучу нерсе», – деди Даниянын министри.

Швециянын ТИМи да орус элчиси сүйлөшүү үчүн Стокгольмго чакырылганын жарыялады.

«Мындай иштер боюнча белгиленген процедуралар бар. Тактап айтканда, ТИМге тартылган өлкөнүн өкүлүн чакыруу жөнүндө сөз болуп жатат», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Ошондой эле Швециянын коргоо министри Петер Хультквист РФнын аракеттерин “профессионалдуу эмес” жана “ылайыксыз” деп атады.

 

Добавить комментарий