Сауд Аравиянын бийлиги көп жылдык талкуудан кийин эрте никеге турууга тыюу салды. Эми үй-бүлө курам дегендердин жашы 18ге толушу керек.
Маалыматка ылайык, жаңы мыйзамды юстиция министри Валид ас-Самаани жергиликтүү соттордун бардыгына жиберген.
Эгер 18 чыга элек өспүрүм никеге тургусу келсе, ага атайын дайындалган соттор уруксат бериши керек. Алар жаш балдардын эрте үй-бүлө курушу келечегине кандай таасир этерин кеңешип, чечим чыгарышат.
Сауд Аравияда ушул жылдын январь айында 15 жашка чейин никеге турууга тыюу салынган. Ага чейин үй-бүлө куруунун жаш курагы аныкталбагандыктан, кыздарды турмушка берүү көйгөйү актуалдуу болгон. 2017-жылы Сауд Аравиянын Меджлис аш-Шура парламентинин өкүлдөрү юстиция министрине кат жолдоп, 15 жашка чейинки кыздардын турмушка чыгуусуна тыюу салууну өтүнүшкөн.