Санкт-Петербургдагы жана Россиянын Ленинград облусундагы COVID-19 менен күрөшүүнүн алкагында оор абалга туш болгон кыргызстандыктарга гуманитардык, социалдык жана маалыматтык жардам көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын басма сөз кызматынын өкүлү Ольга Гнездилова билдирди.
Анын айтымында, жардамды Россиянын Федерациясындагы Элчиликтин жана Ардактуу консулдугунун, Санкт-Петербургдагы жана Ленинград облусундагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, коомдук жана жаштар уюмдары, бизнес чөйрөлөр, ошондой эле ыктыярчылар беришет.
Коронавирус менен күрөшүү үчүн Санкт-Петербург шаарынын жарандары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын атайын эсебине 100 миң рубль которушту.