Санкт-Петербургдун Чоң портунда «Ермак» муз жаргыч кемесинде өрт чыгып, Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, ал азыр колдонулбай калган жана утилизацияланышы керек.
Өрт кеменин биринчи жана экинчи палубаларында 20 чарчы метр аянтта ширетүү иштери учурунда чыккан. Өрт чыккан учурда кемеде экипаж болгон эмес. Жабыркагандар да болгон жок.
ЖМКлардын маалыматына караганда, өрт өчүрүүчүлөр келгенден кийин тогуз адам кемени өз алдынча таштап кетишкен.
Белгилей кетсек, “Ермак” 1974-жылы Финляндияда курулган дүйнөдөгү биринчи Арктикалык муз жаргыч болгон. Кеменин салмагы 12,8 миң тонна, узундугу – 127,8 м, туурасы – 25,97 м, капталынын бийиктиги – 16,7 метр.