Россиянын Билим берүү министрлигинин жетекчисинин мурдагы орун басары алдамчылык боюнча күнөөлүү деп табылды

Россияда сот буга чейин РФ Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчисинин орун басары кызматын аркалаган Мария Лукашевичти күнөөлүү деп тапты.

Маалым болгондой, бул иш боюнча башка айыпталуучулар ири алдамчылык боюнча күнөөлүү деп табылды.

«Лукашевич, [Россотрудничествонун илим жана билим берүү чөйрөсүндөгү программаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси] Попов уурулук, тактап айтканда, өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылган», – деп билдирди судья Елена Каракешишева өкүмдө.

Лукашевич 2020-жылдын 3-июлунда Попов менен бирге 40 миллион рублди уурдаган деген шек менен кармалган.

Россиянын ИИМдин расмий өкүлү Ирина Волктун айтымында, 2016-жылы аты аталбаган коммерциялык уюмдун жетекчиси бюджеттик каражаттарды алып, билим берүү министрлиги үчүн жумуштарды аткаруу үчүн көзөмөлдө турган жеке ишкерлер менен бир нече келишимдерди түзүп, аларды толук көлөмдө аткарууну каалаган эмес.

Маалымат агенттиктеринин булактары Попов 2016-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин бөлүм башчысы болуп турганда коммерциялык уюмду жетектеп турган Лукашевичке мамлекеттик заказдын алкагында 40 миллион рубль бөлгөнүн белгилешкен.

Добавить комментарий