Россияда беларус жана орус армиясынын биргелешкен аскердик машыгуулары пландалууда


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/08/speech-73777-1659626693-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Россияда беларус жана россиялык аскерлердин, Беларустун Коргоо министрлигинин катышуусунда “Восток-2022” стратегиялык командалык-штабдык машыгуулары өтөт.

30-августтан 5-сентябрга чейин Чыгыш аскер округунда 13 полигондо Беларус менен Россиянын аскердик машыгуулары өтөөрүн Беларус Коргоо министрлигинин Telegram-каналы билдирди.

Анын айтымында, аскердик машыгууларды Россия армиясынын Башкы штабынын башчысы, армиянын генералы Валерий Герасимов жетектейт.

«… Бардыгы болуп Беларус Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнөн Батыш оперативдүү командачылыгынын механикалаштырылган бригадаларынын биринен 250 ашык аскер кызматкерлери тартылат», – деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, орус аскерлери аскердик машыгууга жамынып, Украина менен чек арага өз аскерлерин чыгарып, андан соң 24-февралда таңга жуук согуш жарыялабастан чет элдик аймакка кирип кетишкен.

Айрыкча орус аскерлери Беларустун аймагынан басып кирген.

Добавить комментарий