Россия Минскде Украина менен сүйлөшүүгө даяр

Владимир Путин Россиянын Украина менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Бул үчүн Минск шаарына делегация барат.

Бул тууралуу журналисттерге РФнын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Делегациянын курамында Коргоо министрлигинин, ТИМ жана президенттик администрациянын өкүлдөрү болушу күтүлүүдө.

«Белгилүү болгондой, бүгүн Украинанын президенти Зеленский Украинанын бейтарап статусун талкуулоого даяр экенин билдирди. Адегенде Россиянын президенти Владимир Путин операциянын максаты Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо жолу менен ЛЭР менен ДЭРге жардам берүү экенин айтты. Жана бул, чындыгында, нейтралдуу статустун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Бул контекстте Зеленскийдин сунушуна жооп катары Владимир Путин Украина делегациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Коргоо министрлигинин, ТИМ жана президенттик администрациянын өкүлдөрүнүн деңгээлинде орус делегациясын Минскке жөнөтүүгө даяр», — деп Дмитрий Песков түшүндүрдү.

Буга чейин Украинанын лидери Владимир Зеленский орус президентин «адамдардын өлүмүн токтотуу үчүн сүйлөшүү үстөлүнө отурууга» чакырган.

24-февралга караган түнү Россиянын президенти Владимир Путин Донбасска орус аскерлери киргизилгенин жана аскердик атайын операция башталганын расмий билдирди. 21-февралда Москвада Россиянын Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйыны болуп, анда ДЭР менен ЛЭРдин көз карандысыздыгын таануу маселеси талкууланган. Жарлыкка Владимир Путин кол койду.

Добавить комментарий