Риши Сунак Улуу Британиянын премьер-министринин кызматына киришти


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/10/speech-78923-1666679731-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Дүйшөмбү күнү, 24-октябрда Улуу Британиянын премьер-министрлик кызматына саясий күрөш жүрүп жатканы ишенимдүү белгилүү болду.

Улуу Британиянын мурдагы канцлери Риши Сунак британ өкмөтүн жетектейт. Бул тууралуу Sky News кабарлады.

Сунактын Улуу Британиянын жаңы премьер-министри боло тургандыгы анын өкмөт башчылык кызмат үчүн күрөштөгү атаандашы Пенни Мордонт 24-октябрда премьерлик үчүн күрөштү улантуудан баш тартканын жарыялагандан кийин белгилүү болду.

Британ парламентинин общиналар палатасынын лидери болгон Мордонт билдирүүсүндө анын Консервативдик партиядагы кесиптештери “бүгүнкү күндө бизге ишеним керек деп ойлошот” деп билдирди.

Ал белгилегендей, азыр Сунак өзүнүн «толук колдоосуна ээ» жана «улуттун жыргалчылыгы үчүн биригип, биргелешип иштөөгө» убакыт келди.

Буга чейин британ өкмөтүнүн мурдагы башчысы Борис Джонсон Улуу Британиянын премьер-министринин креслосуна ат салышуудан баш тартканы маалымдалган.

Добавить комментарий