РФ Президенти КМШ өлкөлөрүнүн башчыларын Жеңиш күнү менен куттуктады

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына карата РФнын Президенти Владимир Путин Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өлкөлөрүнүн башчыларына жана жарандарына куттуктоо катын жеткирип, ошондой эле Грузиянын жана Украинанын элдерин куттуктады.

Кремлдин басма сөз кызматы Азербайжан, Армения, Беларуссия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Абхазия, Түштүк Осетия, ошондой эле Грузия жана Украина элдеринин жетекчилерине жана жарандарына телеграммалар жөнөтүлгөнүн билдирди.

РФ башчысы өз куттуктоосунда бул күнү өзгөчө сыймыктануу жана ыраазычылык сезими менен душмандарга каршы эр жүрөктүк менен күрөшүп, тылда жан аябастык менен эмгектенген аталар менен чоң аталардын эрдиги болгонун баса белгиледи.

“Бүгүн биздин моралдык милдетибиз ошол катаал жылдардагы окуялардын эстутумун кылдат сактоо жана жаш муундарга өткөрүп берүү. Тарыхты бурмалоо аракеттерине, Улуу Ата Мекендик согуштун жыйынтыктарын кайра карап чыгууга, фашисттер жана алардын жардамчылары жасаган укмуштай мыкаачылыкты актоого биз биргеликте чечкиндүү туруштук беришибиз керек”, – деди Путин.

Россиянын лидери катаал согуш жылдарында бекемделген бир туугандык достуктун жана өз ара жардамдашуунун салттары биздин өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин ортосунда конструктивдүү, жакшы коңшулаштык мамилелерди куруу жана өнүктүрүү үчүн кебелбес негиз болгон жана болуп кала берет деп ишенимин билдирди.

Путин бардык ардагерлерге жана тыл эмгекчилерине чын жүрөктөн ыраазычылык сөздөрүн айтты, аларга ден-соолук, бакубат жашоо, жакшы маанай жана узак өмүр каалады.

Добавить комментарий