Россиянын Белгород облусунун бийликтери фронтко жакын аймактардагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу бир катар аймактарга кирүүнү чектөөнү чечти.
Россиялык басылмалар кабарлашкандай, губернатор Вячеслав Гладков бир нече калктуу конуштарга кирүүгө чектөөлөр киргизилгенин, ошондой эле бул аймактардын чек арасын көзөмөлдөө үчүн өткөрмө пункттары орнотуларын билдирди.
Губернатордун билдирүүсүнө ылайык, 20-марттан тарта Козинка, Глотово, Гора-Подол, Безымено, Новостроевка-первая жана Новостроевка-вторая айылдарына, ошондой эле Грайворон шаарына кирүүгө чектөө киргизилет. Аталган конуштардын кире беришине тосмолор орнотулуп, жергиликтүү тургундар үчүн турак жайларга баруу тартиби аныкталат. Бирок Белгороддун жашоочулары социалдык түйүндөрдө учурдагы абал тууралуу маалымат жетишсиз жана жер-жерлерде көйгөйлөр тууралуу унчукпай тургандыктан нааразылыгын билдиришкен.
Кирүүгө чектөөлөр согуш жүрүп жаткан фронттогу аймактардан балдарды эвакуациялоонун фонунда киргизилген.