Раиса Атамбаевага Татарстан президенти унаа белек кылган эмес

Татарстандын президенти Рустам Минниханов Раиса Атамбаевага унаа белек кылган эмес.

Миннихановдун маалымат катчысы Лилия Галимова СДПКнын унаа белекке алгандыгы тууралуу тараткан билдирүүсүн четке какты.

Анын айтымында, Татарстан башчысы Атамбаевдин жубайына унаа берген эмес.

«Татарстан Республикасынын президентинин атынан эч кандай автоунаа тапшырылган жок»,— деди Галимова.

Эске сала кетсек, бүгүн, 30-декабрда, Кыргызстан социал-демократтар партиясы Раиса Атамбаевага белек кылынган унаа күйүүчү май, айдоочусу жана анын айлыгы менен чектеп берилгендигин кабарлаган.

Добавить комментарий