Путиндин ордуна Лавров: Путин Балиге барбайт

Владимир Путин Чоң жыйырманын Индонезиядагы саммитине сапарын токтотууну чечти. Россиянын кызыкчылыгын Сергей Лавров коргойт.

Россиянын президенти Владимир Путин Индонезиянын Бали аралында 15-16-ноябрь аралыгында өтө турган Чоң жыйырмалыктын лидерлеринин саммитине катышпайт. Бул тууралуу Bloomberg билдирди.

Саммитке Россия тышкы иштер министри Сергей Лавровду жиберет.

Белгиленгендей, Путиндин чечими ага башка дүйнөлүк лидерлер, анын ичинде Россиянын президентин мурда «согуш кылмышкер» деп атаган АКШ президенти Жо Байден менен потенциалдуу тирешүүдөн качууга мүмкүндүк берет. Путинди европалык лидерлер да четке кагуу ыктымалы бар болчу.

Мурдараак маалымдалгандай, президент Владимир Зеленский анын позициясы өзгөрүүсүз бойдон калаарын жана эгер Россиянын президенти Владимир Путин ал жерде болсо, Украина Балидеги G20 саммитине катышпай турганын билдирген.

15-16-ноябрда Индонезияда Бали аралында Чоң жыйырмалыктын саммити өтмөкчү, ага Украина мамлекетинин башчысы Владимир Зеленский да чакырылган. Путин Украинанын инфраструктурасына ракеталык сокку урууга буйрук бергенин мойнуна алгандан кийин Украинанын Тышкы иштер министрлиги Россияны Чоң жыйырмалыктан чыгарууну талап кылууда.

Июль айында Лавров Индонезиянын Бали аралында өтүүчү Чоң жыйырмалыкка кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин эки күндүк саммитине мөөнөтүнөн мурда кеткен.

Добавить комментарий