Путин Россияны бардык мелдештерден четтетүү боюнча WADA чечимине баа берди

Россия президенти Владимир Путин Дүйнөлүк антидопинг агенттигинин (WADA) чечимин саясатташтырылган жана Олимпиада хартиясына каршы келген кадам деп баалаганын РИА Новости жазды.

Өлкө башчынын айтымында, жазалоого жалпы өлкө эмес, ката кетирген адамдын өзү гана кириптер болушу керек.

«Жаза жамааттык мүнөздө болбошу керек, эч кандай күнөө кылбаган адам жазаланбайт. Муну баары түшүнөт. WADA адистери да жакшы түшүнөт деп ойлойм», — деди Путин Парижде өткөн «норманд форматындагы» саммиттин жыйынтыгы менен өткөн маалымат жыйында.
Президент жамаатты жалпы жазалоо чечиминин өзөгүндө дүйнөлүк спорттун тазалыгы үчүн кам көрүү эмес, «саясий мүнөзү бар, спорт менен олимпиада кыймылына эч тиешеси жок» кадам жатарын белгиледи. Анын айтымында, агенттиктин мындай чечими олимпиада хартиясына каршы келет, демек, Москванын сотко кайрылууга толук укугу бар.

«Үстүртөн караганда, Улуттук олимпиада комитетине эч кандай доо жок. Эгер бул уюмга эч кандай доомат жок болсо, демек, өлкө мелдештерге өз желеги алдында чыгышы керек. Олимпиада хартиясында ушундай жазылган», — деди Путин.
Белгилей кетсек, дүйшөмбү күнү эртең менен WADA көз карандысыз комитеттин сунушун кабыл алып, россиялык спортчуларды төрт жылга бардык эл аралык мелдештерден, ошондой эле Олимпиада жана Паралимпиада оюндарынан четтетти. Эми спорттук иш-чараларга «таптаза» спортчулар нейтралдык макам менен гана катыша алат.

Добавить комментарий