Путин экстремизм жана фейк үчүн жооптууларды РФ жарандыгынан ажыратууну сунуштады

Россиянын президенти Владимир Путин күнөөлүүлөрдү РФ жарандыгынан ажыраткан кылмыштардын тизмесин кеңейтүүнү каалайт.

Россиянын Мамлекеттик Думасына биринчи окууда кабыл алынган жарандыгы тууралуу мыйзам долбооруна президенттин түзөтүүсү келип түштү, ага ылайык адам алган жарандыктан ажыратылышы мүмкүн. Документтин тексти РИА Новости агенттигинин карамагында.

Түзөтүү адамды жарандыктан ажыраткан кылмыштардын тизмесин кеңейтет. Бул Кылмыш-жаза кодексинин беренелери:

— 284.1 — Россия Федерациясынын аймагында анын ишин жагымсыз деп таануу жөнүндө чечим кабыл алынган чет өлкөлүк же эл аралык өкмөттүк эмес уюмдун ишин жүргүзүү;

— 207.3 — Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүн колдонуу, Россия Федерациясынын мамлекеттик органдары тарабынан өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу жөнүндө атайылап жалган маалыматтарды коомчулукка таратуу;

— 280.1 — Россия Федерациясынын аймактык бүтүндүгүн бузууга багытталган аракеттерди ишке ашырууга коомдук чакырыктар;

— 280.3 — Россия Федерациясынын жана анын жарандарынын таламдарын коргоо, эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо же Россия Федерациясынын мамлекеттик органдары тарабынан өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу максатында Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүн дискредитациялоого багытталган коомдук аракеттер. 

Экстремизмге ачык чакыруу, мамлекеттик ишмердин өмүрүнө кол салуу, куралдуу козголоң уюштуруу, каракчылык, талап-тоноо, пара алуу, вандализм, мамлекеттик гербди жана тууну мазактоо жана башка кылмыштар жарандыктан ажыратуу үчүн негиз болушу мүмкүн. 

Мыйзам долбоору апрель айында биринчи окууда кабыл алынган. Баштапкы версияда мамлекетке каршы оор кылмыштар, террористтик ишмердүүлүк, баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү жана документтерди жасалмалоо үчүн, ошондой эле жарандын ыктыярдуу арызы боюнча жарандыктан ажыратуу сунушталган.

Кошумчалай кетсек, мыйзам долбоорунда Россиянын паспортун алуу үчүн 20дан ашык категориядагы талапкерлерге карата талаптардын санын кыскартуу каралган. Ошондой эле мамлекет башчынын жарандыкты жөнөкөйлөштүрүлгөн кабыл алууга укугу бар адамдардын категориясын аныктоо боюнча ыйгарым укуктарын кеңейтет.

Норма ошондой эле паспортту тубаса эмес, мисалы, Россиянын жаңы аймактарды аннексиялоосунун натыйжасында алгандарга да тиешелүү болот.

Жарандыктан ажыратуу жөнүндө чечим кылмыш качан жасалганына карабастан кабыл алынышы мүмкүн.

Добавить комментарий