Польшанын вице-премьер-министри жана коргоо министри Мариуш Блащак өлкө украиналык аскер кызматкерлерин окута аларын билдирди. Бул тууралуу анын Киевге болгон сапары маалында сөз болду.
Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуудан кийинки биргелешкен пресс-конференцияда Блащак Украинадагы тынчтык Польшанын да кызыкчылыгында экенин баса белгиледи.
«Ошондой эле Украинанын аскерлерин Польшада окутуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сүйлөштүк. Саперлорду даярдаса болот, орустар Украинанын оккупацияланган аймагында миналарды калтырганын баарыбыз жакшы билебиз, ошондуктан аларды жок кылуу керек. Биз украиналык аскерлерди даярдоого даярбыз. Бул аймактарды тазалаш үчүн аскерий күчтөр бар”, — деди Блащак.
Болащактын айтымында, Украинага аскерий жардамдын жалпы суммасы буга чейин 700 миллион доллардан ашкан. Кеп польшанын Piorun көчмө зениттик комплекстери, Krab гаубицалары жана болжол менен 250 танк жөнүндө.
Зеленский поляктарга колдоосу үчүн ыраазычылык белгиси катары кошумча укуктарды сунуштады
Өз кезегинде Зеленский украин элинин атынан жана жеке өзүнүн атынан Польшага согуштан качкан качкындарды колдогону үчүн ыраазычылык билдирди жана агрессор менен күрөшүп жаткан өлкө үчүн Польшанын аскердик жардамынын маанилүүлүгүн белгиледи.
Белгилей кетсек, украин аскерлери Улуу Британияда машыгуудан өтүп жатышат.