Польша чек ара кризиси Евробиримдикке коркунуч туудурганын билдирди

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий Беларус менен чек арада чыккан кризис Евробиримдиктин коопсуздугуна жана туруктуулугуна коркунуч туудурганын билдирди. Ал болуп жаткан окуяны «гибриддик чабуул» деп атады.

«Польша чек арасын коргоо – бул биздин улуттук кызыкчылык. Бирок бүгүн бүткүл Евробиримдиктин туруктуулугу жана коопсуздугу коркунучта», – деп жазган ал жана чек арада болуп жаткан окуяларды беларус жетекчилигинин «гибриддик чабуулу» деп атады. «Биз коркуп калбайбыз жана НАТО жана ЕБ боюнча өнөктөштөрүбүз менен Европадагы тынчтыкты коргойбуз», – деп ишендирди Польшанын премьер-министри.

Добавить комментарий