Пентагон Украинанын аскердик машыгуу программасын кеңейтет

Пентагон украин аскерлери үчүн машыгуу программасын кеңейте турганын жарыялады.

Нед Прайс Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн согушкерлери батыш өнөктөштөрү алып келген курал-жарактын жаңы түрлөрүн өздөштүрөөрүн белгиледи.

Мамлекеттик департаменттин спикери Нед Прайс АКШнын Коргоо министрлиги украин аскерлери үчүн аскердик машыгууларды, анын ичинде алар үчүн жаңы куралдарды колдонууну кеңейтет деп билдирди. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Энтони Блинкен менен АКШнын коргоо министри Ллойд Остиндин Киевге сапарынын жыйынтыгы боюнча агенттиктин сайтында маалымдалды.

«Биздин үзгүлтүксүз жардамыбыздын бир бөлүгү катары, катчы Остин ошондой эле Украина өкмөтүнө АКШнын Коргоо министрлиги аймактагы украиналык аскер кызматкерлери үчүн айрым курал системалары боюнча аскердик машыгууну кеңейтет», – деп айтылат билдирүүдө.

Остин ошондой эле «жарыялангандан кийин бир нече кундун ичинде» жеткирилип жаткан курал-жарактарды жеткирууну тездетуу боюнча америкалык бийликтердин аракеттерине токтолду.

Кошумчалай кетсек, Мамлекеттик департамент жалпысынан АКШ Украинага 322 миллион доллардан ашык каражат бөлүүнү пландап жатканын билдирди.

«Бул жардам ошондой эле Украинанын Куралдуу күчтөрүнө өнүккөн курал-жарак жана абадан коргонуу системаларына өтүүгө жардам берет», – деди Прайс.

Добавить комментарий