Павлодарда Telegram-каналда балдар массалык түрдө атып өлтүрүү тууралуу коркутуулар келип түшкөн

 

Павлодарда 4-февралда жаңы Telegram каналында пайда болгон билдирүүлөрдөн улам коомчулук дүрбөлөңгө түштү. Аларда анонимдүү адам жергиликтүү лицейлерде, мектептерде жана соода борборлорунда боло турган кыргындарды жарыялады, деп жазат СА.

Анонимдүү коркутуулардын автору алдыдагы массалык түрдө балдарды атуу тууралуу бир нече билдирүүлөрдү жарыялаган. Ал куралдын сүрөтүн да тиркеген.

Павлодар облусунун полиция департаменти жөнөтүлгөн каттарды текшерүүдө. «Бул маалыматты тараткан адамдарды аныктоо боюнча компетенттүү органдар менен ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кылмышкерлер аныкталып, өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат», – деди Павлодар облусунун полиция департаментин башчысынын биринчи орун басары Жаскайрат Кайыров.

Январдын аягында, 25-январда мектептерде теракт болду делген ушундай маалыматтар Актөбө шаарында да пайда болгон. Актөбөдөгү 49 миңден ашуун мектеп окуучусу үйдө калууга аргасыз болду.

Добавить комментарий