Пандемиядан бери 5,9 миллион адам коронавируска чалдыккан

Бир сутканын ичинде дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 116 миң 924 кишиге өскөн. Буга окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан онлайн-картадагы маалыматтар күбө.

Дүйнөдө жалпысынан 5 миллион 927 миң 255 адам коронавируска чалдыккан.  Эң көп жуккан АКШ (1 млн 747 миң 87), Бразилия (465 миң 166), Россия (387 миң 623), Улуу Британия (272 миң 607), Испания (238 миң 564), Италия (232 миң 248) жана Франция (186 миң 923).

Коронавирустун учурлары 188 өлкөдө катталган.

Коронавирусту жуктуруп алгандан кийин айыгып кеткен адамдардын саны 2,4 миллиондон ашты. Бир күн ичинде бул көрсөткүч 77 миң 264 кишиге өскөн.

Бүгүнкү күндө коронавирусту жуктуруп алгандан кийин каза болгондордун саны 364 миң 933 адамды түзөт. Өлгөндөрдүн саны күнүнө 4 миң 625 адамга көбөйдү, АКШда 102 миң 836 адам, Улуу Британияда 38 миң 243, Италияда 33 миң 229, Францияда 28 миң 717, Бразилияда 27 миң 878 адам көз жумду.

Кыргызстанда коронавирус менен ооруган 1 миң 722, Казакстанда – 10 миң 382, ​​Өзбекстанда – 3 миң 468, Тажикстанда – 3 миң 686 катталган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөдө пандемия катары коронавирустун жайылышын жарыялады.

Коронавирустун жаңы түрү 2019-nCoV декабрдын аягында Кытайдын Ухань шаарында ачылган. Инфекциянын булагы жергиликтүү базарда сатылган жаныбарлар болгон.

Добавить комментарий