Пакистанда мечиттерде жардыруу болду. Акыркы маалыматтарга караганда, 52 ашуун адам каза болуп, көптөгөн адамдар жарадар болгон. Белужистан жана Хайбер-Пахтунхва провинцияларында эки трагедия болду. Полиция жардыруулардын бирин жанкечти жасаганын тастыктады. Жардыруулар Ислам пайгамбары Мухаммеддин туулган күнү болгон Мавлид майрамы учурунда болгон. Учурда кырсык болгон жерде куткаруучулар ишин улантууда, жабыркагандардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн.
Пакистандын Белужистан провинциясындагы Мастунг шаарындагы мечиттин жанындагы жардыруудан кеминде 52 киши набыт болгонун Dawn кабарлады.
«Кеминде 52 адам, анын ичинде бир полиция кызматкери каза болуп, 50дөн ашууну жарадар болду», — деп жазат басылма.
Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, жардырууну жанкечти жасаган.
Кийинчерээк Пакистандын дагы бир мечитинде жарылуу болгон. Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында жайгашкан Хангу шаарындагы мечиттин чатыры жарылуунун кесепетинен толугу менен урап калды. Жергиликтүү маалымат каражаттары полицияга шилтеме берүү менен эки өлүп, бешөө жарадар болгонун кабарлашты. Урангандардын астында дагы 40ка жакын адам экени такталды.
Geo TV жардыруу Ислам пайгамбары Мухаммеддин туулган күнүн белгилөө үчүн эл чогулуп жаткан мечиттердин жанында болгонун билдирди.