Ооганстанда коопсуздук күчтөрүн түзүү аяктоо алдында турат

Талибан коопсуздук күчтөрүн түзүү аяктаганын жарыялады, алардын саны 95 миң адамга жетет.

Талибан өкмөтүндөгү ички иштер министринин милдетин аткаруучу Сиражуддин Хаккани талиптер ИМге коопсуздук жана идеологиялык жактан да каршы турууга умтулат деп билдирди.

Ооганстанда бийликке келген радикалдык “Талибан” кыймылы (КРда тыюу салынган) 95 миң адамдан турган коопсуздук күчтөрүн түзүүнү аяктап жатат. Бул тууралуу бейшембиде Талибан өкмөтүндөгү ички иштер министринин милдетин аткаруучу Сиражуддин Хаккани билдирди.

«Биз (Талибан өкмөтү – ред.) жалпы саны 95 миң адамдан турган коопсуздук кызматын (өлкө) түзүүнү аяктоо алдында турабыз», – деди Хаккани.

Анын айтымында, Ооганстандын аймагында болуп жаткан жардыруулардын артында «Ислам мамлекети» (ИМ, Россия Федерациясында тыюу салынган) террордук тобунун согушкерлери жана мурдагы өкмөттүн айрым мүчөлөрү турат». Хаккани кошумчалагандай, талиптер «жаштар афгандыктардын дүйнө таанымын оңдоо менен коопсуздук чөйрөсүндө да, идеологиялык жактан да ИМге каршы турууга умтулууда».

Ички иштер министринин милдетин аткаруучу (эл аралык коомчулуктун) азыркы өкмөттү таануудан баш тартуусу жана чет элдик банктардагы ооган каражатына бөгөт коюуну улантып жатышы “ооган элинин жамааттык жазасы” деп эсептейт. Хаккани ошондой эле «АКШ түзгөн террористтердин тизмесинде анын (Хаккани – ТАССтын эскертүүсү) аты-жөнү болушу да бардык оогандыктарга зыян келтирет» деп эсептейт.

АКШ Ооганстандан куралдуу күчтөрүн чыгарып кетүү чечимин жарыялагандан кийин талиптер Ооганстанга көзөмөл орнотуу үчүн кеңири масштабдуу операция баштаган. 15-августта талиптер Кабулга кирип, президент Ашраф Гани республикадан чыгып кеткен. 6-сентябрда талиптер Ооганстандын бүткүл аймагына көзөмөл орноткондугун жарыяласа, 7-сентябрда алар мыйзамдуулугун эч бир өлкө тааный элек убактылуу өкмөттүн курамын жарыялашкан.

 

Добавить комментарий