Олимпиада шакекчелери. Архив»Акырына чейин чыгабыз!». WADA чечиминен кийинки ыза

Тилекке каршы, бүткүл россиялык коомчулук үчүн бул кейиштүү жагдай. Дүйнөлүк антидопинг агенттиги (WADA) россиялык спортчуларды төрт жылга Олимпиада оюндарынан четтетүү чечимин кабыл алды. Аталган уюм ошондой эле жакынкы Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына, спорттун ар кыл түрү боюнча дүйнөлүк чемпионаттарга Россиядан «таза» гана атлетчилерди бейтарап макамда, тагыраак, өлкөнүн туусун көтөрбөй, гимнин жаңыртпастан катыштыра турган болду.

Россия үчүн Олимпиада оюндары башталбай жатып бүткөндөй болду. Эмдиги жылы ареналарда жеңил атлетика жана спорттун командалык түрлөрүндөгү жеңишинен кийин Россиянын желегин ареналардан эч ким көрбөйт, Россиянын мамлекеттик ураанын эч ким укпайт. Буга моюн сунуудан башка арга калбады көрүнөт.

Антидопинг дүйнөлүк коомчулугунун мындай чечимин КМШ жана жакынкы чет өлкөлөрдөгү спорттун мурдагы жана азыркы даңазалуу өкүлдөрү кандай кабылдаганы туурасында Sputnik агенттигинин бул материалынан окуңуздар.
Грек-рим күрөшү боюнча советтик балбан, 1988-жылы өткөн Сеул Олимпиадасынын чемпиону, ушул тапта Россиянын Спорттук күрөш федерациясынын президенти Михаил Мамиашвили Sputnik Грузиянын кабарчысынын суроосунан кийин бир саамга ойлонгондой, туура сөздөрдү табууга аракет кылгандай болду. Анткени көп сандагы басма сөзгө гана тургай, өз өлкөсү жана туусу менен ачык сыймыктануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган спортчуларга да карап сөз тандоо зарыл.

«Азырынча спортчуларга эмне деп айтышты билбей турам. Алдын ала чочулап турсак да, баары бир жакшы болорунан үмүт үзө элек болчубуз. Себеби спортчулардын басымдуу бөлүгү бардык талап, милдеттерге толук жооп берет. Кандайдыр системалык эреже бузуулардан оолак экенибизди биздин спорттук тарыхыбыз тастыктайт. Андай жагымсыз нерсе чанда эле кезикчү учур», — деди Мамиашвили.
Советтик күрөштүн бул даңазалуу өкүлү WADA допингдин алдын алуу жаатында Россия тараптын күн сайын жүргүзгөн ишин эске албаганына кейиди.

«4 жыл мурунку окуялардан кийин, өлкө президентинин билдирүүсүнөн соң антидопингдик система солгундай түшкөн. Допингге жол бербөө үчүн мурда жасалбаган кадамдар аткарылган. Ар кыл семинарлар, укук коргоо структураларын да бул ишке тартуу сыяктуу аракеттер жүргөн эле. Биз күн сайын тынымсыз жүргүзгөн иштер, көргөн чараларыбыз бар. Кейиштүүсү, аларды эч ким көргүсү келбеди», — деп кошумчалады Мамиашвили.

Анын кесиптеши, этникалык тажик, ушул тапта россиялык Бокс федерациясынын башкы катчысы Умар Кремлев спорттогу кырдаал боюнча пикирин түз эле билдирди.

«Акылга сыйбаган чечим деп ойлойм. Мында өлкө менен күнөөсү бар айрым адамдардын тиешеси эмне? Абдан натуура чечим болду, сотко кайрылып, өз чындыгыбызды далилдешибиз керек», — деп так кесе айтты Кремлев.
Өз өлкөсүнүн желегин желбиретүүдөн куру калган спортчуларды ал көңүл чөгөрбөөгө чакырат.

«Спортчулар кайраттанып, алдыга гана умтулушу керек. Анткени алардын буга эч тиешеси жок. Таза спортчулар катышууга тийиш. Балдарым менен сүйлөштүм, алар желексиз жана туусуз катышпайбыз деп жатышат, дагы акылдашабыз», — деди Кремлев.

Тбилисилик, советтик футболист Гурам Ажоев WADA чечиминен кийин сөз таба албаганын жашырган жок.

«Эмне дешти билбей турам. Акылга сыйчу иш эмес. Анткени спортчу буга өмүр бою даярданат, анан эле аны четтетип салышат. Бул оор сокку, абдан татаал жагдай», — деди Ажоев.
Sputnik Армениянын кабарчысы Россиянын курама командасынын спортчусу, еревандык Яна Егорян менен телефон аркылуу байланышкан. Эки жолку олимпиада чемпионунун үнү ишенимдүү, кесипкөйлүк каардануудан башка ыза же кыжырдануу байкалбайт.

«Спортчулар эмне кылсын? Олимпиадалык оюндарга татыктуу катышуу үчүн иштеп, машыгуу гана керек. Азыр бир нерсе айтканда эмне, чечим эбак кабыл алынды, аны талкуулоонун деле зарылчылыгы жок. Башкы милдет — колубуздан эмне келерин көрсөтүү», – деп билдирет Егорян.

Россиянын Лыжа жарышы федерациясынын (ФЛГР) башчысы Елена Вяльбе да Яна Егоряндын айткандары менен макул.

«Кол куушуруп отуруп калбаш керек. Аягына чейин баруу зарыл. Буга эч кандай тиешеси жок спортчулардын тагдыры менен минтип ойногон болбойт», — деди Вяльбе.

Россиянын биатлончулар союзунун президенти, мурдагы белоруссиялык биатлончу Владимир Драчев келечекке көз чаптырып, келерки олимпиадага «таза» спортчулардын катышуу талаптары боюнча пикирин айтат.

«Биздин биатлон үчүн бул кабар жагымсыз. Бирок катышууга тизме кандай түзүлөрүн да карайлы. Алар анда кандайдыр бир эрежелерди да жазууга тийиш. Биз да ал эрежелерди түшүнгөндөй бололу. Бизге ушул эң маанилүү. Пхенчхандагыдай болбой, биз даярданышыбыз керек да», — деди Драчев.
WADA чечими 21 күндөн кийин же Спорттук арбитраждык сотто апелляциялык арыз каралгандан кийин күчүнө кирет. Россиялык спортчулардын тагдыры эми алардын кесипкөйлүк жетишкендиктерине эмес, юристтер менен спорттук функционерлердин (аталган уюмдун төбөлдөрү) күрөшүнө жараша чечилмекчи. Ал эми мунун спортко тиешеси аз.

Добавить комментарий