Окумуштуулар адамдын иммундук жетишсиздик вирусунун (ВИЧ) жаңы вариантын табышты. Жаңы штаммдын өзгөчөлүгү оорулуулардын иммунитетин демейдегиден 2 эсе тез түшүрө алат.
Алардын изилдөөсү Science илимий журналында жарыяланган.
Жаңы VB штаммы, авторлор атагандай, Нидерландияда болжол менен отуз жылдан бери таралып келген жана ушул убакка чейин 109 адамда табылган.
2018-жылдын аягында 17 адамда аныкталган: илдетти жуктургандардын 15 Нидерланддан, бирөө Швейцариядан жана бирөө Бельгиядан. Бул конкреттүү вариантты жуктурган адамдардын так санын аныктоо үчүн изилдөөчүлөр тобу акыркы бир нече жыл ичинде өлкөнүн ВИЧ-позитивдүү тургундарынан дагы 6700 кан үлгүсүн алып, аны 109 адамдан аныкташкан.
Изилдөөчүлөрдүн айтымында, VB штаммы өтө жугуштуу жана СПИДдин өнүгүшүн тездетет: бул варианты бар пациенттердин канында вирустук бөлүкчөлөрдүн концентрациясы нормадан беш эсе жогору.
Окумуштуулар оорулуулардын иммунитети адаттагыдан эки эсе тез алсыраарын белгилешүүдө. Адатта, зарыл болгон терапия жок болсо, оорулуунун иммундук коргонуу акырындык менен алсырап, алты-жети жылдын ичинде жок болот. ВИЧтин жаңы варианты ошол эле натыйжага дээрлик үч эсе тез жетет – болгону эки-үч жылдын ичинде.
Бирок, VB варианты, окумуштуулардын ою боюнча, калктын ден соолугуна коркунуч туудурбайт, анткени ВИЧ инфекциясы үчүн колдонулган антиретровирустук терапия аны менен натыйжалуу күрөшөт.
“Эң начар сценарий жогорку вируленттүүлүгүн, жогорку өтүмдүүлүктү жана дарылоого туруктуулукту айкалыштырган варианттын пайда болушу болот. Биз тапкан вариантта биринчи экөө гана бар”, — дейт изилдөөнүн авторлорунун бири Крис Ваймант.
ДСУнун маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча 38 миллионго жакын адам расмий түрдө ВИЧ инфекциясы менен ооруган.