Норвегия Украинага 45 миллион долларга курал сатып алат

Норвегиянын бийликтери Украинага өткөрүп берүү үчүн курал сатып алууну чечти.

Осло буга чейин Киевге 100 «Мистраль» зениттик-ракеталык комплексин, ошондой эле 4000 танкка каршы гранатомет жөнөткөн.

Норвегиянын өкмөтү Улуу Британиянын демилгеси менен Украинага курал-жарак сатып алуу үчүн 400 миллион норвегиялык крон (дээрлик 45 миллион доллар) бөлүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу шейшембиде Reuters агенттиги билдирди.

Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стёре өлкөнүн парламентинде сүйлөп жатып, Украинага берилүүчү куралдардын тизмесин кеңейтүү зарылдыгын белгиледи. «Келечекте украин күчтөрү көбүрөөк курал-жарактарга муктаж <…>, аларга оор жана өнүккөн курал системалары керек болот», – деди өкмөт башчы.

Осло буга чейин Киевге 100 «Мистраль» зениттик-ракеталык комплексин, ошондой эле 4000 танкка каршы гранатомет жөнөткөн.

Добавить комментарий