Назарбаев биринчи жолу эл алдына Токаев таккан орден менен чыкты. Сүрөт

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев учурдагы мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев тапшырган орден менен эл алдына чыкты.

Назарбаев Халық қаарманы (Эл баатыры) жана Еңбек Ері (Эмгектин баатыры) ордендерин Көз карандысыздык күнүнө арналган майрамда тагынып чыкты. Касым-Жомарт Токаев аталган сыйлыктарды Назарбаевге 2019-жылдын 20-мартында — инаугурация күнүндө тапшырган.

«Астана Опера» театрында өткөн салтанатта Елбасы жаңы муун көз карандысыз мамлекетте жашап жатканына сыймыктана турганын билдирди.

Казакстан эгемендүүлүк күнүн 16-декабрда белгилейт. Бул күндүн урматына казакстандыктар эки күн эс алышат.

Добавить комментарий