Молдова: россиячыл экс-президентке айып тагылды

Молдованын прокуратурасы өлкөнүн экс-президенти Игорь Додонго төрт берене боюнча айып тагууда. 30 суткага камакка алууга уруксат суралды.

Молдованын мурдагы президенти Игорь Додонго козголгон иш боюнча эмнелер белгилүү

«Прокурорлор Додонго төрт берене боюнча айып коюшту, булар аны кармоо боюнча протоколдо көрсөтүлгөн. Эртең алар 30 суткага камакка алуу өтүнүчү менен сотко кайрылышат», – деди анын жактоочусу Лебединский. Ал бүгүн Додонду суракка алган прокурорлор аны 324-берене («Пассивдүү коррупция»), 1812-берене («Кылмыштуу уюм тарабынан саясий партияны каржылоону таануу»), 337 («Мекенине чыккынчылык кылуу») жана 330/2 («Мыйзамсыз баюу») беренелери боюнча кылмыш жасаган деп шектенип жатканын эске салды. 

Өз кезегинде Социалисттик партия Додондун бошотулушун жана кылмыш ишин токтотууну талап кылган нааразылык акцияларын уланта турганы тууралуу билдирүү таратты. Социалисттер өлкөнүн президенти Майя Санду жана башкаруучу Аракет жана тилектештик партиясын (АТП) саясий оппоненттерин коркутуп, диктатура орнотууга аракет кылып жатышат деп айыпташууда.

Мурдараак маалымдалгандай, Молдованын Коррупцияга каршы прокуратурасы Игорь Додонду 30 күндүк мөөнөткө камакка алууга уруксат сураган. Бул тууралуу шаршемби күнү ТАССтын кабарчысына Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Мариана Керпек билдирди.

Добавить комментарий