Молдова парламенти “румын тилин” мамлекеттик деңгээлде бекитти

Молдова парламенти “молдован” дегендин ордуна “румын тили” деген түшүнүктү камтыган мыйзам долбоорун кабыл алды.

Молдованын парламенти бардык мыйзамдарда “молдаван” жана “эне” тилдердин ордуна “румын тили” түшүнүгүн камтыган мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды, деп жазат ЕвроПравда.

Мыйзам долбоорун өкмөтчүл ПАС партиясы демилгелеген. Ал эми коммунисттер менен социалисттердин нааразычылыгына карабай долбоор парламентте жактырылды.

Долбоорду кабыл алууга 58 депутат «макул» деп добуш берип, андан кийин PAS депутаттары тикесинен тик туруп «Браво!» деп кыйкырып, мыйзам долбооруна каршы чыккандар нааразылык иретинде плакаттарды көтөрүштү. Мыйзамды кабыл алуу талкуусуз өтүп, бир-эки мүнөткө гана созулду.

Парламент мыйзам долбоорун жактырды, ага ылайык документтердеги «молдован тили» деген бардык синтагмалар, ал эми Конституцияда «румын тили» менен алмаштырылат. Белгилей кетсек, молдован тилинде ISO коду жок жана Ethnologue аны өзүнчө тил катары айтпай, румын тилинин альтернативалуу аталышы катары атаган.

Добавить комментарий