Мьянманын мурдагы лидери Су Чиге дагы бир түрмө мөөнөтү жарыяланды

Мьянманын 77 жаштагы мурдагы башчысы Аун Сан Су Чжи билим берүү жана медицина тармагындагы кайрымдуулук фондунун каражаттарын максатсыз пайдалангандыгы үчүн кошумча 6 жылга эркинен ажыратылды.

77 жаштагы Су Чи өзү түзгөн жана апасы До Кхин Чинин атын берген кайрымдуулук фондунун каражаттарын мыйзамсыз пайдаланган деп табылган. Экс-премьер-министрге аталган уюмдун саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагын каржылоого багытталган каражаты үй курууга жана мамлекеттик жерди жеңилдетилген баада ижарага алууга жумшалган деп айыпталган. Аун Сан Су Чжи өз күнөөсүн четке кагууда.

Сот коомчулуктун жана ММК өкүлдөрүнүн катышуусуз жабык эшик артында өттү. Су Чжинин адвокаттарына бул процесстин деталдарын ачыкка чыгарууга тыюу салынган.

Буга чейинки сот процесстеринде 1991-жылдагы Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Аун Сан Су Чжи буга чейин козголоң чыгаруудан баштап, пандемияга байланыштуу чектөөлөрдү бузганга чейин айыпталып, 11 жылга эркинен ажыратылган. Эгерде бардык иштер боюнча күнөөлүү деп табылса, ал өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Мьянмада 2021-жылдын февраль айында аскердик төңкөрүш болгон. Генералдар 2020-жылдагы шайлоодо Аун Сан Су Чинин ишенимдүү жеңиши менен жыйынтыкталган мыйзам бузуулар менен түшүндүрүштү. Аскер кызматкерлери бул мыйзам бузуулар боюнча далилдерди келтирген жок. Төңкөрүштөн кийин Мьянма уламдан-улам башаламандык менен зордук-зомбулуктун туңгуюгуна батып баратат.

Укук коргоочулар Су Чжи шоу-соттун курмандыгы болгонун айтышууда. Эксперттердин айтымында, аскерий хунта буга чейин көп жыл үй камагында отурган саясатчынын оозун биротоло жабууга ниеттенүүдө. 2022-жылдын июнь айында Су Чи үй камагынан өлкөнүн борбору Нейпьюдодогу  жалгыз камерага которулган.

Добавить комментарий