Михаил Боярский Ардак ордени менен сыйланды

Советтик жана Россиялык артист Михаил Боярский Россия Федерациясында Ардак ордени менен сыйланды.

“Ата мекендик маданиятты жана искусствону өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, көп жылдык үзүрлүү ишмердүүлүгү үчүн Санкт-Петербург шаарынын «Ленсовет атындагы Санкт-Петербург академиялык театры» Маданият мамлекеттик мекемесинин артисти Михаил Сергеевич Боярскийге Ардак ордени тапшырылсын”, – деп айтылат Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Жарлыгында.

Михаил Боярский – Россиялык актер жана ырчы, РСФСРдин Эл артисти (1990). Ленсовет атындагы театрдын актеру (1972-1986). Ал «Д’Артаньян жана үч мушкетёр», «Акырдагы ит», «Тарас Бульба» жана башка тасмаларда роль жараткан. «Жашыл көздүү такси», «Рахмат, кымбаттуум!», «Баары өтүп кетет» жана башка ырлардын аткаруучусу.

Добавить комментарий