Лукашенко COVIDге каршы эмдөөдөн өтпөйт

Беларуссияда COVIDге каршы эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт, президент Александр Лукашенконун айтымында, анын күмөн саноосунан улам, ал коронавируска каршы эмделбейт.

Анын пикири боюнча, адам көптөгөн ооруларга туруштук берүү үчүн жетиштүү иммунитетке ээ. Ошондуктан, жок дегенде азырынча ал россиялык «Спутник V» вакцинасы менен эмдөөдөн өтүүнү көздөбөйт. Бирок, каалагандар үчүн Беларуссия мындай мүмкүнчүлүктү берет.

«Вакцинациялар болот. Кааласаңыз – эмдөөдөн өтүңүз, каалабасаңыз – биз эч кимди мажбурлабайбыз. Өзүңүз чечиңиз», – деди Лукашенко жана Беларуссиядагы коронавируска каршы эмдөөнүн негизги принциби ыктыярдуулук болорун баса белгиледи.

Анын айтымында, республика вакцинация үчүн ар кандай өндүрүүчүлөрдүн бир нече дары-дармектерин колдонууну пландаштырууда, бирок биринчи кезекте Беларуссия сатып алууну пландап жаткан Россиянын вакцинасын эмдеп башташат, ошондой эле өз алдынча өндүрүшөт.

«Биз 1,2 миллион адамды эмдөөдөн өткөрүүнү пландап жатабыз. Канса адам болоору силерге байланыштуу болот. Балким эки миллион. Бул адамдардын ага кандайча барышына байланыштуу… Дарыгерлердин сынына кабылбаш үчүн, бүгүнкү күндө кайсы вакцина жакшы экендигин эч ким билбейт, биз 5-6 вакцина пландаштырып жатабыз. Кантип макулдашканыбызга жараша. Азыр бул чоң жетишсиздик», – деди Лукашенко.

Добавить комментарий