Украинадагы окуяларга байланыштуу Литванын Россиядагы элчиси апрель айында Москвадан чакыртып алынган жана бул убакыт бою Литвада болгон. Ал Өзбекстанда элчи болуп да иштеген
Литванын Министрлер кабинети РФдагы элчиси Эйтвидас Баярунастын де-юре ыйгарым укуктарын жокко чыгарды. Мындай чечим шаршемби күнү өкмөттүн жыйынында кабыл алынды.
«Литва Республикасынын Конституциясын жетекчиликке алып, өкмөт 1-июндан тарта Россия Федерациясындагы жана Өзбекстандагы элчиси Эйтвидас Баярунастын ыйгарым укуктарын жокко чыгаруу жөнүндө чечимди өлкө президентине жөнөтүүнү чечти», — деп айтылат документте.
Конституцияга ылайык, республиканын президенти Литванын чет мамлекеттердеги элчилерин өкмөттүн сунушу менен кызматка дайындайт жана бошотот.
Бул чечим азыркы кырдаалдын мыйзамдуу ырастоосу болуп саналат. Украинадагы окуяларга байланыштуу Литванын РФдагы элчиси апрель айында Москвадан чакыртып алынган жана бул убакыт бою Литвада болгон. Ал Өзбекстанда элчи болуп да иштеген.
Шаршемби күнкү ушул эле жыйында өкмөт 7-июндан тарта Санкт-Петербургдагы Башкы консулдукту жоюу боюнча токтом кабыл алды. Бул да абалдын укуктук жактан консолидациясы. Башкы консулдук 29-апрелден тарта ишин токтоткон.