Литва Беларус менен чек арасына өзгөчө кырдаал киргизилгенин жарыялады

Беларус-Польша чек арасындагы абалдын оорлошуна байланыштуу Литва Беларус менен чек арага жакын аймактарда өзгөчө кырдаал режимин киргизгенин жарыялады.

Мындай чечимди Литванын министрлер кабинети шейшемби, 9-ноябрдагы жыйынында кабыл алды. ИИМдин сунушу менен 10-ноябрдан тарта чек ара тилкесинде жана андан 5 чакырым алыстыкта, ошондой эле Азия жана Африка өлкөлөрүнөн Литвага Беларус аркылуу мыйзамсыз мигранттар кирген жерлерде режим 10-ноябрдан тарта иштей баштайт.

“Чечим чек ара аймагындагы кырдаалдын курчушун эске алуу менен кабыл алынды жана биз аны парламенттин бекитүүсүнө сунуштап жатабыз”, – деди премьер-министр Ингрида Шимоните. Учурдагы тартипке ылайык, өзгөчө кырдаал өкмөттүн кайрылуусу боюнча Сейм (парламент) тарабынан киргизилиши мүмкүн.

ИИМдин сунушу менен Өзгөчө кырдаал 10-ноябрда түн ортосунан тарта чек ара тилкесинде жана андан 5 чакырым алыстыкта, ошондой эле Азия жана Африка өлкөлөрүнөн Литвага Беларус аркылуу мыйзамсыз мигранттар кирген жерлерде киргизилет. Мындай режимди бир айга киргизүү сунушталууда.

Добавить комментарий