Лавров: каатчылыкты чечүүдө БУУ сыяктуу уюмдарга мүчөлүгүбүздү пайдаланабыз

Келерки жылга Россиянын Европа жана АКШ боюнча тышкы саясатына божомол жасоо жеңил эмес. Көбү батыштагы өнөктөштөрдөн, анын ичинде Вашингтондун даярдыгына жараша болот. Бул туурасында Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров РИА Новостиге маек берип жатып билдирген.

«Көп нерсе алардын коркутуу ыкмасына, басым жасоо аракетине, бир тараптуу санкциялардан баш тартуусуна, эл аралык укуктарды сактоосуна жараша болот. Тагыраагы, алар азыркы замандын чиеленишкен түйүндөрүн чечүү үчүн өз ара урмат менен болгон диалогго келиши керек», — деген ал.
Министр Россиянын өзү тараптан тынчтык иштеринде, глобалдуу жана аймактык коопсуздук маселесинде биримдиктин бекемделишин шарттаган аракеттерин улантарын айткан.

«Сириядабы же коңшу Украинада болобу, ар кыл кризистер менен чыр-чатактардын жоюлуп, туруктуу саясий-дипломатиялык кырдаалды каалайбыз. Ал максатка жетиш үчүн биз мүчө болуп жүргөн глобалдуу башкаруучу уюмдарга — БУУ, «Жыйырмалык тобундагы» мүчөлүктү пайдаланабыз. Андан сырткары, БРИКС, ШКУга кылган төрагалыгыбызды да колдонобуз», — деген Лавров.

Маек ТИМ жетекчисинен жаңы жыл алдында алынган.

Добавить комментарий