Латвияда ишканада чыккан өрттүн себептерин аныктоо боюнча иликтөө иштери башталды (ВИДЕО)

Латвияда учкучсуз учактарды жасоого адистешкен заводдо чыккан өрттүн себептерин аныктоо үчүн иликтөө иштери башталды.

Латвиянын полициясы 7-февралда Ригага жакын жердеги Edge Autonomy дрон чыгарган заводдо чыккан өрттү иликтеп жатат. Бул тууралуу Delfi билдирди.

Латвиянын ички иштер министри Марис Кучинскис өрттү мүмкүн болушунча тез арада өчүрүүгө болот деген үмүтүн билдирди.

Өрттүн чыгышынын мүмкүн болгон себептери тууралуу айтуу азырынча эрте экени белгиленет. Мамлекеттик полициянын басма сөз катчысы Мадара Шершнева учурда бар маалыматтар атайылап өрттөлгөнүн билдирбей турганын, бирок анын так себептерин аныктоо үчүн кылмыш иши козголгонун билдирди.

Ошондой эле өрттөн бир адам жабыркаганы кабарланууда.

2009-жылы негизделген, Edge Autonomy (мурдагы UAV Factory) дүйнөдөгү алдыңкы дрон өндүрүүчүлөрдүн бири. Компаниянын продукциялары 70тен ашык өлкөгө, анын ичинде Украинага аскердик, жарандык жана илимий муктаждыктар үчүн жеткирилет.

Добавить комментарий