Лас-Вегас: АКШнын аба күчтөрүнө таандык учак кулады

АКШнын аба күчтөрүнө таандык учак Лас-Вегастагы аскер базасында абага көтөрүлгөндөн кийин кулады.

Маалым болгондой, Draken компаниясынын учкучунун көзөмөлүндөгү учак 2021-жылдын 24-май, дүйшөмбү күнү, Лас-Вегастын, Невада штатында жайгашкан Неллис аба базасынан учуп чыккандан кийин дароо кулаган. Учкуч каза болду. Бул тууралуу авиабазанын басма сөз кызматы билдирди.

АКШнын аскер-деңиз флотунун учагы Алабамада кулады

«Неллис аба күчтөрүнүн базасынан көтөрүлүп чыккан субподрядчик башкарган учак саат 14:30 чамасында базанын түштүк чек арасынын сыртына кулады <…>. Неллис аба базасынын кызматкерлери Draken компаниясынын маркум учкучтун кесиптештерине, досторуна жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтышат», –  деп билдиришти авиабаза сайтында.

Өз кезегинде АКШнын Улуттук Транспорт Коопсуздук Кеңеши кыйраган учак Франциянын Dassault Aviation компаниясы чыгарган Mirage F-1 истребители болгонун билдирди. Тергөө иштерин жүргүзүү үчүн жөнгө салуучу органдардын өкүлдөрү окуя болгон жерге барышкан. Кырсыктын болжолдуу себептери жөнүндө маалымат азырынча бериле элек.

Fox News маалымдагандай, учак Лас-Вегастагы Мартин Лютер Кинг башталгыч мектебинин жанында кулап түшкөн. Кырсык болгон жерде өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери бар, периметр курчоого алынды.

Добавить комментарий