Коронавирус Казакстанга жетти

 Германиядан келген эки казакстандыктарда коронавирус оорусу аныкталды.

«Силер билгендей, биз коронавирус менен үч ай бою куроштук. Бардык зарыл болгон алдын алуу үчүн чаралар кабыл алынган. Бүгүнкү күндө биз эки жарандар коронавируска чалыкканын ырастоосун кабыл алдык. Алар Германиядан келген. Алар Алматы инфекция ооруканасына жаткырылган. Клиникалык белгилери жок, оздорун жакшы сезип жатышат. Бардык зарыл чаралар кабыл алынууда», – деп Елжан Биртанов билдирди.

Кечээ, 12-мартта Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ВОЗ) жаңы коронавирус пандемиясын жарыялады. Оорунун жыйынтыктары 126 минден ашуун адам камтылды.

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, атайын алдын алуу иш-чараларды ишке ашырууну жарыя кылды. Коомдук иш-чаралар токтотулду.

“Азык-түлүк жана биринчи зарылдыктагы буюмдарды жарандарга эркин камсыз кылуу токтобойт. Чакан жана орто ишканаларга зыян келтирууго жол бербоо маанилүү, – деп президент убада кылган.

Буга чейин Казакстандын Башкы мамлекеттик санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин  Казакстанда коронавирустун эн алгачкы учуру биринчи жолу 11- 16-мартта катталышы мүмкүн деп билдирди. Анын аныкталуусунда  бийликтер «дароо атайын чараларды” киргизет. Азыркы болжолдомо илимпоздордун математикалык моделдөөсу – учурдагы божомол деп айтты. «Алар атайын формула менен иштеп чыгарууда», – деп Бекшин билдирди.

Добавить комментарий