Өкмөт Кытайдагы кыргызстандыктардын санын, канчасы кайтканы жатканын айтты

Бүгүнкү күндө Кытайда Кыргызстандын 271 жараны бар. Бул туурасында вице-премьер Алтынай Өмүрбекова парламентте коронавируска каршы аракеттер тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Кытайдын жогорку окуу жайларында 4600 студент окуп жаткан. Бирок жаңы жыл майрамы менен каникулга байланыштуу көбү өлкөдөн чыгып кеткен.

«Азыркы тапта Кытайда 271 кыргызстандык бар. Алардын 21и иштеп, 14ү  үй-бүлөлүк себептер менен, бирөө жеке иштери боюнча жүрөт. 77 жаран Кыргызстанга кайтып келүү ниетин билдиришти. Негизи Кыргызстанга Кытайдан 2020-жылдын 28-январынан бүгүнкү күнгө чейин 1083 киши келген. Алардын 415и Кытай жараны», — деди Өмүрбекова.

 

Ал ошондой эле Кыргызстандын чек ара көзөмөл өткөрүү бекеттеринде 22 карантиндик пункт ачылып, эпидемиолог, инфекционист жана башка медициналык кызматкерлер күнү-түнү нөөмөттө турганын айтты.

Кыргызстанга келип жаткан жарандарды ооруканага жаткыруу үчүн 964 орун даярдалган. Учурда стационардык шартта 158 жаран медициналык байкоодо турат.

Добавить комментарий