Ирандын Керман шаарында генерал Касем Сулеймани көмүлгөн көрүстөндүн жолунда жардыруу болуп, 70тен ашуун адам набыт болуп, 100дөн ашууну жарадар болгонун жергиликтүү ЖМКлар кабарлашты.
Эки бомба баштыктарга катылган. Алар Сулейманинин өлүмүнүн бир жылдыгына карата аза күтүү жүрүштөрү өтүп жаткан жердин жанында алыстан жардырылды.
Жергиликтүү бийликтердин айтымында, жардыруулар теракттын натыйжасында болгон.
Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (ИРСК) генералы Сулейманинин өлүмү 2020-жылдын 3-январына караган түнү болгон. Вашингтон аны 2019-жылдын 31-декабрында Багдаддагы Америка элчилигине кол салууну уюштурууга тиешеси бар деп эсептейт.