Келишимге жетишилген жок: Косово менен Сербия сүйлөшүүлөрдү кийинкиге калтырышты


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/08/speech-74692-1660898462-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

18-августта Сербиянын президенти Александр Вучич менен Косовонун премьер-министри Альбин Курти Брюсселде автоунаалардагы документтерди жана мамлекеттик номурларды кайра каттоо маселелери боюнча жабык жыйын өткөрүштү. Ошондой эле эки тарап жакынкы аралыкта сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экени кабарланды.

Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Reuters агенттигине билдирди.

«Бирок бул окуянын аягы эмес. Эки лидер тең процессти улантууга макул болушту жана талкуу жакынкы күндөрү улантылат. 1 — сентябрга чейин дагы убакыт бар, мен багынбайм», – деди Боррель.

18-августта Сербиянын президенти Александр Вучич менен Косовонун премьер-министри Альбин Курти Брюсселде бир нече саат жабык сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү, бирок маселенин бир чечимге келе алышкан жок.

Алар талкууну 1-сентябрга чейин улантууну макулдашты – Косово бийлигинин курчуганынан улам алар чечимди бир айга жылдырууну чечишти, бул мөөнөт сентябрда бүтөт.

Мурдараак маалымдалгандай, 31-июлда Косовонун түндүгүндөгү сербдер жүк ташуучу унаалар менен Яринье чек ара бекетинин жанындагы негизги жолду жаап салышкан. Приштина—Рашка жолу да тосулган. Чыңалууну басаңдатуу үчүн Косово сербдикине эмес, улуттук документтерге жана унаа номерлерине өтүүнү бир айга жылдырды.

Кийинчерээк Евробиримдиктин жогорку өкүлү Жозеп Боррель Сербиянын президенти Александр Вучич менен Косовонун премьер-министри Альбин Куртини 18-августта Брюсселде сүйлөшүүгө чакырды.

Добавить комментарий