Казакстанда январь айындагы тополоңдо 800 киши камакка алынды

Казак полициясы январь айындагы тополоңго катышкан 792 адамды камакка алды.

Ички иштер органдары тарабынан 2,5 миңден ашуун иш тергөөдө

Кармалгандар баш аламандык учурунда тоноо жана башка кылмыштарга шектелип жатышат. Бул тууралуу бейшемби күнү Казакстандын ички иштер министринин биринчи орун басары Марат Кожаев Мажилисте (парламенттин төмөнкү палатасы) сүйлөп жатып билдирди.

«Учурда ички иштер органдары тарабынан 2500 ашуун иш иликтенип жатат. Алардын басымдуу бөлүгү уурулук жана тоноо фактылары. Кылмышка шектүү деп 893 адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, анын 792 камакка алынды», – деди Кожаев.

Анын айтымында, кармалгандардын күнөөсү уурдалган жана бузулган мүлк, видео жана фотоматериалдар түрүндөгү алынган буюм далилдери менен, ошондой эле тергөө органдары тарабынан жүргүзүлгөн башка процессуалдык аракеттердин жүрүшүндө далилденүүдө.

“Мамлекет башчысы теракттардын, массалык баш аламандыктардын себептерин жана алардын уюштуруучуларын аныктоону иликтөөнү Башкы прокуратурага тапшырды. Буга байланыштуу бул категориядагы жана аларга тиешелүү бардык кылмыш иштери атайын прокурорлордун жетекчилиги астында ведомстволор аралык тергөө-ыкчам топтордун өндүрүшүнө өткөрүлүп берилди”, – деп түшүндүрдү ИИМ министринин биринчи орун басары.

Казакстандагы баш аламандыкка катышкан кылмыштуу топтордун лидерлери кармалды

Казакстандын укук коргоо кызматкерлери республиканын бир катар шаарларында январь айынын башында массалык баш аламандыктарды уюштурууга катышкан кылмыштуу топтордун жетекчилерин жана мүчөлөрүн кармашканын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«ИИМдин Криминалдык милиция башкармалыгынын кызматкерлери аймактык бөлүмдөрдүн катышуусунда ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 4-7-январь күндөрү массалык баш аламандыктарды уюштурууга катышкан бир катар кылмышкерлердин лидерлери жана уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Усть-Каменогорск жана Кызылорда шаарларында кармалып, жоопкерчиликке тартылды», – деп айтылат маалыматта.

Агенттиктин маалыматына караганда, атайын операциянын натыйжасында бир нече курал-жарак жана 130 ашык ок-дарылар алынган. Бардык кармалгандарга карата камакка алуу түрүндөгү тыюу салуу чарасы тандалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Добавить комментарий