Казакстан: Назарбаевдин жээни кызматынан бошотулду

Казакстандын президенти Назарбаевдин 43 жаштагы жээнин Казакстандын УККнын биринчи орун басарлыгынан бошотуу боюнча документке кол койду.

Самат Абиш Нурсултан Назарбаевдин инисинин уулу. Ал 2015-жылдан бери УККнын төрагасынын биринчи орун басары кызматын аркалап келген.

«Мамлекет башчынын буйругу менен Абиш Самат Сатыбалдыулы Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду», — деп айтылат Акорданын сайтында.

Самат Абиш генерал-лейтенант наамында.

Мурдараак маалымдалгандай, ал 13-январдан бери жылдык эмгек өргүүсүнө чыккан.

Добавить комментарий