Казакстан Кыргызстанга кине коюп ЕЭК менен ДСУга арызданды

Казакстан кыргыз тараптын аракеттерине нааразы болуп Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) менен Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) кайрылуу жөнөттү. Бул туурасында Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Коңшу өлкө ЕЭКтен Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден чыккан товар үчүн кыргыз тараптын контролдук баалардын минималдык деңгээлине карата колдонгон чаралары боюнча маселени кайра башынан карап чыгууну сураган.

«Кыргыз бийлиги кошумча төлөмдөрдү киргизип жатат. Эгер казакстандык өндүрүүчү Бишкекке орточо баа менен бир килограмм унду 17 сомдон алып барса, Кыргызстандын Салык кызматы контролдук баалардын минималдык деңгээлине карап килограммын 22 сом деп эсептеп, кошумча нарк салыгын алууда. Башка товарлар боюнча дагы ушундай көрүнүш, мисалы, жаз-жай мезгилинде жумуртка эки сом турат, бирок баанын минималдык деңгээли — 4,9 сом», — деп айтылат маалыматта.

Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги кыргыз өкмөтүнүн токтому менен бекитилген минималдык баалар негизсиз жана ачык-айкындуулукка жатпайт деп эсептейт.

Ошондой эле контролдук баалардын минималдык деңгээли коңшу өлкөнүн Кыргызстанга жасаган экспортунун өзөгүн түзгөн товарларга киргизилгени (ун, кумшекер, күрүч, жумуртка, сыра, цемент жана көмүр) белгиленди.

«Контролдук баалардын минималдык деңгээлинин киргизилиши менен кошумча нарк салыгынын суммасы да өстү. Бул казак товарларынын Кыргызстандын базарындагы атаандаштыкка туруштук беришине терс таасирин тийгизет. Мындай механизм ЕАЭБ жана ДСУнун эрежелерине карама-каршы келет. Тагыраагы, эл аралык сооданын «улуттук режим» жана «эң ыңгайлуу режим» деген негизги принциптери сакталбай жатат. Ошол эле учурда Казакстанда кыргыз товарына да, үчүнчү өлкөдөн келген товарга да мындай чара колдонулбайт. Казак тарап бул аракеттер ДСУнун бажылык баалары боюнча келишимге каршы келерин ишендирип айта алат», — деп жазылат маалыматта.

Соңунда эгер Кыргызстан эл аралык милдеттемелерин аткарбаса Казакстан өз укуктарын колдонуп кыргыз товарларына карата чара колдонууну күчөтө турганы белгиленген.

Коңшу өлкөнүн даттануусу ДСУда жана ЕАЭБде март-апрель айларында каралары пландалууда.

Буга чейин Кыргызстан казак тарап транзиттик товарларды өткөрүүгө чектөө киргизип жатканын айтып арызданган. Бул маселени ДСУнун Соода процедураларын жөнөкөйлөштүрүү комитети 11-февралда Женевада өткөн жыйында караган.

Казакстан дооматка жооп кайтарып, Кыргызстан бажылык башкаруусун колго ала албай, Казакстандын жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бюджетине зыянын тийгизип жатканын билдирген.

 

Добавить комментарий