Канада Ооганстандан 40 миң качкынды кабыл алууга даяр

Канаданын бийлиги Ооганстандан башка өлкөлөр тарабынан эвакуацияланган 40 миң качкынды кабыл алуу ниетин билдирди.

Бул тууралуу шейшембиде премьер-министр Джастин Трюдо Твиттерде билдирди.

Ооганстанда бийлик алмашты.

«Канада 40,000 [оогандык] качкындарды кабыл алат жана биз башка [мамлекеттерди] качкындарды коопсуз жайгаштыруу аракеттерин күчөтүүгө чакырабыз», – деп жазган ал. Трюдо билдирүүдө өкмөттүк документтин шилтемесин калтырды, ага ылайык, Оттава батыш өлкөлөрүнүн аскердик кампаниясы учурунда канадалык аскерлерге жардам берген оогандыктарды жана алардын үй-бүлөлөрүн гана эмес, статусу канадалык гуманитардык программаларга дал келгендерди да кабыл алат.

Августтун аягында Канаданын Иммиграция, Качкындар жана Жарандык Министри Марко Мендичино Канада АКШга жана үчүнчү өлкөлөргө чыгарыдгандарды кошкондо 5 миңге чейин ооган качкындарын кабыл аларын жарыялаган. Буга чейин Канада Ооганстандан Канада жарандары менен качкындарды кошкондо 3,7 миң кишини өз алдынча чыгарып кете алган. Акыркы эки айдын ичинде Оттаванын өтүнүчү боюнча 100 ашуун канадалыктар менен оогандар Ооганстандан Катарга көчүрүлүп, Канадага жайгаштырылат.

Добавить комментарий