Камерундагы салттуу Бамум мамлекетинин султаны ковидден көз жумду

Камерунда тарыхый Бамум мамлекетинин султаны каза болду. Өлүм коронавирус инфекциясынын натыйжасында болгон.

Султан Мбомбо Нджоя бүгүн, 2021-жылдын 27-сентябрында, 83 жашында каза болгон.

Бул тууралуу Jeune Afrique журналы жазып чыкты. Гезитте жазылгандай, Султан сентябрдын ортосунан бери Париждеги ооруканалардын биринде дарыланып жаткан.

Он тогузунчу Султандын падышалыгы 29 жылга созулган. Ибрагим Мбомбо Нджоя азыркы Камерундагы эң таасирдүү инсандардын бири деп эсептелген, бирок анын падышалык титулу негизинен салтанаттуу болгон. Басылма белгилегендей, маркумдун тактысы үчүн Султандын отуз баласынын ортосунда айыгышкан күрөш башталат деп күтүлүүдө. Падышалыктын салтына ылайык, тактыга атасынын тушунда төрөлгөн балдар гана ээ боло алат.

Тарыхый Бамум падышалыгы 14-кылымдын аягында азыркы Камерун аймагында пайда болгон жана 19-кылымдын аягына чейин көз карандысыз мамлекет катары жашап, немис колониясына – Германиянын Камерунуна кошулган. Өткөн кылымдын башында падышалык султанатка айланган.

Добавить комментарий