Камчатка: учак радардан жоголду

Россиянын Ан-26 Петропавловск-Камчатскийден Палана айылына бараткан радардан жоголуп, байланышын токтоткон.

Бул тууралуу Россиянын ӨКМинин Камчатка аймагы боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ыраакы Чыгыш транспорт прокуратурасынын маалыматы боюнча, учак Петропавловск-Камчатскийден Палана айылына жүргүнчү ташып бара жаткан. Анын бортунда 23 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү бар.

«Петропавловск шаарынан Палана айылына багыт алган Камчатка авиациялык ишканасынын Ан-26 учагы менен байланыш үзүлдү. Кеме конгон жок. Алдын ала маалыматтар боюнча, учакта 23 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү бар», – деп прокуратура билдирди.

Камчатканын транспорт прокуратурасы текшерүүнү баштады.

«Камчатка Авиациялык Ишканасы» ААКнын кабылдамасы Палана конушуна багыт алган, байланыш үзүлүп калган учак ишканага таандык экендигин тастыктады. Компания учак менен эмне болгонун так билдирбей, окуянын чоо-жайы такталып жаткандыгын түшүндүрүп берди.

Добавить комментарий