Сауд Аравиянын ханзаадасы Мохаммед бин Салман өзүнүн масштабдуу долбоору үчүн архитекторлорго талаптарды койду. Бир гана шарт бар — ал Байыркы Египеттин пирамидалары сыяктуу унутулгус болуп калышы керек! Анын планына ылайык, жаңы түзүм дүйнөдөгү эң чоң болуп калышы керек.
Принц Салман курулушту «Күзгү сызыгы» деп атап, анда беш миллионго жакын адамдын жашашын каалайт. Асман тиреген имарат ар биринин бийиктиги 487 метр жана узундугу 120 километр болгон эки параллелдүү имараттын жыйындысы болот. Мегакурулушту курууга триллион доллар керектелет.
Египет пирамидаларынан ашып түшүшү керек болгон мегакурулуш чындыгында ыңгайлуу жашоо үчүн керектүү нерселердин бардыгына ээ болгон шаар болот. Стадион, яхта клубу, тамак-аш фабрикалары жана кайра жаралуучу булактардан энергия өндүрүү үчүн инфраструктура — бул «Күзгү сызыгынын» ичинде боло турган нерселердин толук тизмеси эмес.
Бүгүнкү күнгө чейин адамзаттын курулуш тарыхындагы дүйнөдөгү эң бийик имарат Дубайдагы 163 кабаттуу “Бурдж Халиф болуп саналат. Имараттын бийиктиги 828 м.