Эстониядагы кырдаал. ЕККУнун өкүлү бийликке кайрылды

ЕККУнун ЖМК боюнча өкүлү Арлем Дезир эстон бийлигине кайрылып, журналисттердин ишине чектөө коюу аракеттерин токтотууга чакырды.

“Киселев мырзага каршы жекече санкциялардын киргизилишинен кийин Sputnik Эстония журналисттерине карата көрүлгөн чаралардан улам Эстония бийлигине жаздым. Бийликти чет элдик ЖМКлардын ишине чектөө киргизүүдөн карманууга чакырам. Анткени мындай аракет маалыматтын эркин жетишине терс таасир тийгизет”, — деп жазган Дезир.

Эскерте кетсек, буга чейин «Россия бүгүн» эл аралык маалымат агенттиги Sputnik Эстониянын кызматкерлери полиция жана чек араны коргоо департаментинен коркутуу камтылган билдирүүлөрдү алышканын жазган. Анда аталган агенттикте иштегендер «Россия бүгүн» менен эмгек келишимин токтотпосо кылмыш иши козголо турганы айтылган. Буга Украинадагы окуялардан улам Евробиримдик тарабынан 2017-жылдын 17-мартында бир катар жеке жана юридикалык жактарга киргизилген санкциялар себеп болду.

Октябрдын аягында эл аралык банктык топтордун Эстониядагы филиалы Sputnik Эстонияга которулган каражаттарды тоңдуруп салган. Ал — айлыктар, салыктар жана ижара акчалары эле. Агенттик кайрылган башка банктар да акча операцияларын жүргүзүүдөн баш тарткан. Ал эми имаратын арендага берген тарап келишимди бир тараптуу бузган. Буга чейин акча которуулар боюнча бир да ирет көйгөй жаралган эмес.

Добавить комментарий