Эркин соода аймагынын маселелери боюнча Египет менен сүйлөшүүлөр белгиленген

Алдын ала маалыматтар боюнча, ЕАЭБ өкүлдөрү менен Египеттин ортосунда эркин соода аймагын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр күзүндө Москвада өтөт деп пландалган.

Эркин соода келишими боюнча Египет менен сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү айлампасы күзүндө Москвада өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.

Анын айтымында, ЕЭК Соода кеңешинин мүчөсү Андрей Слепнев Египеттин Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ихаб Наср менен жолугушту. Тараптар экономикалык карым-катнаштын учурдагы күн тартиби боюнча пикир алмашып, эркин соода келишими боюнча сүйлөшүү иштеринин абалына токтолушту.

Андрей Слепневдун айтымында, тараптар буга чейин келишимдин долбоорун макулдашуу процессинде олуттуу ийгиликтерге жетишкен. Атап айтканда, электрондук соода, бажы кызматташтыгы жана жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, техникалык тоскоолдуктар жаатында келишимдерге жетишилди. Товарлардын соодасы жана санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар жогорку деңгээлде макулдашылган.

“Амбициялуу макулдашууга жетишүү керек, ал бизнеске өз ара сооданы көбөйтүп гана тим болбостон, үчүнчү өлкөлөрдүн, биринчи кезекте Африканын базарларына чыгууну кеңейтет. Бул жөнгө салууга да, тарифтерге дагы тиешелүү”, – деди ЕЭК Соода кеңешинин мүчөсү.

Бул максатка жетүү үчүн, Андрей Слепнев пандемияга байланыштуу үзгүлтүккө учурап, сүйлөшүүлөрдү толук кандуу улантууну сунуш кылды. Буга чейин, сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасын Москвада өткөрүү пландаштырылып, Египеттин соода жана өнөр жай министри Невин Гамея менен тийиштүү макулдашууга жетишилген.

Буга байланыштуу Ихаб Наср жакынкы аралыкта Россия менен Египеттин ортосунда аба катнашынын калыбына келиши күтүлүп жаткандыгын белгилеп, сүйлөшүүлөрдүн жеке өтүшүнө кам көрүүгө жардам берем деп убада кылды. Жакын арада Египет тарапка тиешелүү чакыруу жөнөтүлөт деп макулдашты.

Добавить комментарий